Карим Бензема жаракатынан улам дүйнө чемпионатына катышпайт

 Карим Бензема жаракатынан улам дүйнө чемпионатына катышпайт

Франциянын Доха шаарындагы ишемби күнкү машыгуусунда чабуулчу Карим Бензема жаракат алды. Ал сан булчуңун жабыркатып, машыгууну мөөнөтүнөн мурда таштап кетти.

Бензема буга чейин жалпы топ менен машыкпай турган. Бирок акырындык менен формага келүү үчүн Рафаэль Варан менен бирге даярданып жаткан. Түн ичинде бир нече булактар ​​(Le Parisien, RMC, ESPN) 2022-жылкы Алтын топтун ээси Катар турнирине катышпай калат деген божомолдуу маалыматтарды жазып чыгышкан. Бул тууралуу бир аздан кийин француз командасынын расмий Twitter аккаунту билдирген.

Ал эми Бензема социалдык баракчасы аркылуу «Мен жашоомдо эч качан багынган эмесмин, бирок бүгүн мен команда жөнүндө ойлонушум керек. Мен дүйнө чемпионатында бизге жардам бере турган адамга ордумду беришим керек», – деди.

Карим жаракатынан улам 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатка катышпай калган француз жылдыздарынын катарына кошулду: Погба, Канте, Кимпембе, Нкунку. Эске салсак, улуттук команда биринчи матчка 24 саат калганда курамды алмаштыра алышат. 22-ноябрда Франция Австралия менен беттешет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар