Каралган акчанын жарымы дагы бериле элек. Дыйкандар 4 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 1-сентябрына карата 4,3 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык:
– өсүмдүк өстүрүү тармагына 1 млрд 135 млн сом;
– мал чарбачылыгы категориясына 2 млрд 390 млн сом;
– айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясына 2 млрд 390 млн берилген.
Белгилей кетсек, быйыл дыйкандарды жеңилдетилген кредит менен камсыздоого мамлекеттик казынадан 26 миллиард сом бөлүнгөнү кабарланган. Сентябрь айына карата белгиленген сумманын тең жарымы дагы бериле элек.