Каракол шаарында Сот адилеттиги үйү ачылды

 Каракол шаарында Сот адилеттиги үйү ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапардын алкагында Каракол шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин бул имарат чек арачы-аскерлер үчүн 500 орундуу жатакана (казарма) катары пайдаланылган, ал эми 2021-жылдын сентябрь айында Сот адилеттиги үйүнө ылайыктап, капиталдык оңдоосу башталаган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чараны өлкөнүн сот тутумундагы өтө маанилүү окуя катары белгиледи.

“50 жыл өткөндөн кийин бүгүнкү күндө имаратка жаңы дем берилип, багыты өзгөртүлүп, өлкөбүздүн сот тутумуна жана калыстыкты туу туткан элибизге кызмат кылганы турат. Өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү эске алуу менен мамлекеттин ар бир мүлкүн натыйжалуу пайдаланууну туура таап олтурабыз. Бир катар соттордун бир жерде жайгашуусу менен, курьердик иштерге байланыштуу, убакыт менен каражат чыгымдары кыйла үнөмдөлүп, “бирдиктүү терезе” принциби аркылуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, – деди Президент.

Ошону менен бирге Мамлекет башчы соттордун иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесине токтолду. Ротация болгон судьяларды кызматтык турак жайлар менен камсыз кылуу, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу жана облустардын борборлорунда Сот адилеттиги үйлөрүн ачуу иштери мындан ары дагы улантыла турганын эске салды.

Маалымат үчүн: 5 кабаттуу Сот адилеттиги үйүнүн имаратында заманбап лифт орнотулган, бардык категориядагы жарандар, жалпы эле сот процессине катышкандар үчүн талапка жооп берерлик шарттар түзүлгөн. Айыпталуучулар үчүн бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген заманбап убактылуу кармоочу жайлары бар.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар