Каракалпакстандагы нааразылык акцияларга катышты деп шектелген 34 адам үй камагына чыкты

 Каракалпакстандагы нааразылык акцияларга катышты деп шектелген 34 адам үй камагына чыкты

Каракалпакстанда кармалган 10 киши үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Олий Мажлистин Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиясы билдирди.

Июль айынын башында Каракалпакстандагы нааразылык акцияларга катышкан 516 адам кармалган. Буга чейин Нукустагы окуялардын 24 катышуучусу үй камагына чыгарылганы кабарланган. Муну менен үй камагына чыгарылган шектүүлөрдүн саны 34кө жетти.

Ушул тапта Каракалпакстандагы башаламандыктарга катышуу шеги менен жалпысынан канча киши камакта отурганы жөнүндө маалымат жок.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан республиканын суверендүүлүгү тууралуу беренени алып салуу сунушуна каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылып, 21 киши каза тапткан.

Жанылыктар