Каракалпакстанда жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн тепкичтери урап калды

 Каракалпакстанда жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн тепкичтери урап калды

Каракалпакстандагы Канлыкөл районунун акимчилиги жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн бир капталындагы тепкич урап түшкөнү, калган тепкичтери да кулайын деп калганы жөнүндөгү маалыматты ырастады.

Расмий маалыматка караганда, тепкич “Жаңы Өзбекстан” массивинде курулуп жаткан беш кабаттуу үйгө 3-февралда орнотулуп, 7-февралда урап калган.

Башка подъезддерге орнотулган тепкчитерди текшерүү учурунда аларда да жаракалар бар экени аныкталган. Өзбекстандын Курулуш министрлиги тепкичтерди монтаждоо учурунда ката кеткенин билдирди.

Окуя болгон жерде жабыркагандар жок. Прокуратура жана башка тиешелүү органдар териштирүү иштерин баштады.

Буга чейин Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда 2017-жылы курулган үй жарака кеткени кабарланган. Район акимчилиги жана Курулуш министрлиги үй курулуш нормаларына ылайык салынбаганын жана сейсмикалык туруктуулук талаптарына жооп бербей турганын билдирген. Турак жайды курган киши мурда сегиз жылга соттолгон.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар