Кара-Суунун тургуну экстремизмге шектелип кармалды

 Кара-Суунун тургуну экстремизмге шектелип кармалды

Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. 

14-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн “Экстремист” аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 21 жаштагы Б.М. кармалды.

 Ал жаран “Инстаграм” социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Ош ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.

Жанылыктар