Кара-Сууну Өзбекстан менен байланыштырган дагы бир жашыруун тоннель табылды

Кара-Суу районун Өзбекстан менен байланыштырган дагы бир тоннель табылды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматында Ош облусунун Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргызстан менен Өзбекстанды жер астындагы өтмөк менен байланыштырган тоннель табылганы айтылат.
Тоннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, тоннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.
Учурда бул тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.