Кара-Суулуктар Ош-Кара-Сөгөт жолун көмүр ташыган унаалар талкалап жатканын билдирди

 Кара-Суулуктар Ош-Кара-Сөгөт жолун көмүр ташыган унаалар талкалап жатканын билдирди

Кара-Суу районуна караштуу Кара-Сөгөт айылынын тургундары Ош-Кара-Сөгөт жолун көмүр ташыган унаалар бузуп жатканын айтып чыгышты.

Кара-Сөгөт айылы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн курамына кирген айылдардын бири. Ал айыл Папан айыл өкмөтүнүн Бөрү айылы менен канаатташ жайгашкан. Кожокелең айылындагы көмүр кендерден көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар Кара-Сөгөт айылынын жолу  менен каттап жатат.

Жергиликтүү тургундардын бири Каныбек Мамажунусовдун айтымында, Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынан көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар Кара-Сөгөт айылынын жолу аркылуу көмүр ташып, айылдагы Ош шаарына баруучу негизги жолдун ашууларын бузган.

«Кара-Сөгөт айылынан Ош шаарына баруучу негизги жолубуздун бийик ашуусун көмүр ташыган унаалар бузуптур. Жолубузда бийик ашуу бар, ошол жерден өткөн унаалардын дөйгөлөгү ылайга батып, жолду бузуп салыптыр. Айылдан шаарга каттаган кичи автобус чыга албай калып, Папан айыл өкөмтү аркылуу шаарга баруучу узак жолго салууга мажбур болууда. Анан калса айылдагы ФАПтын тез жардам унаасы чыга алабй, оорулуулар кыйналган учур болду. Өткөрбөй коелу десек, анча-мынча түнкү саат 3-4дө каттап, айрымдары ошол бийик ашууга тыгылып, трактор алп келип жолду сүрдүрүп, чыгышып, каттап атышат. Бир унаа оодарылып жатат көмүрү менен кошо. Айылдыктарга кыйын эле болду. Жеңил унаалар өтө албай калды»,- деди К. Мамажунусов.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Абдрахманов аталган окуя боюнча кабары бар экенин, ӨКМдин кызматкерлери протоколдук тапшырма берип, жолду калыбына келтирүү иштерин оор жүк ташуучу унаалардын ээлери моюнуна алганын айтты.

«Ал иштер боюнча кабарыбыз бар. Кечээ күнү ӨКМдин адистери, милиция кызматкерлери кошо барып, протоколдор түзүлүп, жолду калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилген. Ошол күнү эле тракторлорду алып келишип, жолду оңдойбуз деп моюндарына алышкан. Эми алар бул жол менен каттабай турган болушту. Папан айыл өкмөтүндө шлагбаум коюлган экен, аны сындырып өтүшкөн экен. Аны да калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилген»,- деди Б. Абдрахманов.

Жанылыктар