Кара-Суудагы жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды

 Кара-Суудагы жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды

Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында (Ташлак айылы) Жигули жана Нива үлгүсүндөгү жеңил унаалардын каттышуусунда болгон.

Натыйжада 4 эркек киши – 1976-жылы  туулган Б.И., 2003-жылы туулган Н.М., 2005-жылы туулган А. у А., жана А.У. (туулган жылы такталууда) жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чийин жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Бирок 2 эркек киши 2003-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган А. у А. ооруканада каза болгон.

Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылган.

Жанылыктар