Кара-Сууда жаштар жалгыз бой энеге үй куруп беришти

 Кара-Сууда жаштар жалгыз бой энеге үй куруп беришти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 1996-жылы туулган жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти. Жалгыз бой эненин эки уулу болсо, анын биринин майыптыгы бар.

Үйдүн курулушуна жалпысынан 935 миң сом сарпталган. Курулушка айыл тургундары дагы салымын кошуп, жардамын берди.

Муфтият элди кайрымдуулукка үндөөнүн артында мындай демилгелер ишке ашып жатканын кошумчалады.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар