Кара-Сууда жасалма 5,7 миң доллар сатып аткандар кармалды (сүрөт)

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки жаран жасалма акча сатууга аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сёз кызматы билдирди.
Кечээ, 3-мартта Кара-Суу РИИБнын кызматкерлери тарабынан К. аттуу жаран ири суммадагы жасалма АКШ долларын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө ири өлчөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууну көздөгөн Ош облусунун Алай районунун 36 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан шек саналган 50 даана 100 АКШ доллары жана кошо катышкандыгы менен шектелген Жалал-Абад облусунун А.Б. аттуу тургунунун кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн жасалмага шек саналган 7 даана 100 АКШ доллары табылып алынган.
Текшерүү учурунда окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Аны менен бирге далил буюм катары алынган жалпысы 57 даана шек саналган АКШ доллар купюралары алынган.
Кармалган жарандар Н.Т. жана А.Б. шектүү катары суралып, жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алышып, көрсөтмөсүн берген.
Алар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жасалма акчаларды кайсы жакта жасалганы жана кимдер тарабынан жасалгандыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.