Кара-Сууда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

 Кара-Сууда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Эшме айылында жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Исхак Туратбеков кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, объект 320 окуучуга ылайыкталып салынды. Курулуш иштери 1,5 жыл ичинде аяктаган.

“Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Футбол аянтчасы, тигүү цехи жана эмгек кааналары бар”,-деди Туратбеков.

Бүгүн, Ош облусунун Өзгөн районунда дагы бир мектеп пайдаланууга берилди.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар