Кара-Сууда уурулукка шектелип эки жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 12-фераль күнү уурулук менен алектенген уюшулган топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Араван районунун 23 жаштагы Л.уулу.О. атту тургуну жана Кара-Суу районунун 29 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну Ош шаарынын аймагында кармалып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын 205-беренесинде (уурулук) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Ачылган кылмыштардын арасында буга чейин интернет мейкиндигине таркаган “Кара-суу районунун Фурхат айылынын тургуну Россия Федерациясында жүргөн жарандын үйүнө уурулар кирди деген” коомчулуктун арасында резонанс жараткан факты боюнча тиешеси бар экендиги жана мындан башка 6 кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган.
Бул кылмыштуу топ тарабынан жабырлануучуларга карата беш жүз миң сомдон ашык чыгым келтиртиришкендиги такталган. Кылмышка шектүүлөрдүн бири буга чейин уурулук фактысы менен бир нече жолу соттолгон Л. уулу О. издөөдө жүргөн.
Мындан сырткары, азыркы учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы боюнча иликтөө иш чаралары уланууда.