Кара-Сууда Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

 Кара-Сууда Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Төлөйкөн айыл аймагынын жооптуу адамдары тарабынан жайыт жер тилкелерин трансформацияланбастан мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Төлөйкөн айыл окмөтүнүн мурдагы башчысы М.З. кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жанылыктар