ОшТВ телерадиокомпаниясы

Кара-Сууда суюк азот өндүрүүчү заводдун курулушу башталды

 Кара-Сууда суюк азот өндүрүүчү заводдун курулушу башталды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Беш-Булак айылында суюк азот өндүрүүчү заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор 450 миң долларга бааланган. Заводдун курулушун ушул жылдын 1-апрелинде бүтүрүү паландалууда.

“Завод Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы фермерлерди жана асыл тукум станцияларды камсыздайт. Саатына 10 литр суюк азот, суткасына 200 литрден ашык суюк азот чыгарат. Суюк азот жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушундай эле завод Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйкандары үчүн суюк азотту ийгиликтүү өндүргөн Элита селекциялык станциясынын аймагында жайдын аягында ачылган.

Жанылыктар