Кара-Сууда куралдуу каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Арасында адам өлтүрүү боюнча соттолгону бар (сүрөт)

 Кара-Сууда куралдуу каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Арасында адам өлтүрүү боюнча соттолгону бар (сүрөт)

Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча жарандардан телефон аркылуу Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Куралдуу тоноочулук учурунда Дэу-Лассети унаасы толугу менен күйүп кеткен. Арыз менен аталган райондун Савай айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 13-декбрь күнү саат 09:50 чамасында Мерседес-Бенц Спринтер унаасында отурган учурда бейтааныш эки жаран колундагы тапанчалары менен көкүрөгүнө такап унаасынан түшүрүп унаасын айдап качууга аракет кылышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 20-25 жаштардагы адамдардын тобу ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүрүшкөндүктөрү аныкталып кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып жүргөн атуулдар аныкталган.

Алар: 32 жаштагы Ш.М. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну, адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо мурда эки жолу соттолгон.

48 жаштагы А.У. Ош шаарынын жашоочусу, мурда бир жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон.

46 жашта Р.Д. Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарынын жашоочусу мурда уурулук фактысы соттолгон.

Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар курал-жарактар алынган. Бүгүнкү күндө окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, алар тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар