Кара-Сууда алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды

 Кара-Сууда алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун тургуну 32 жаштагы Т.Т., жана Ноокат районунун тургуну 36 жаштагы З.Х., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факты Ош ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

“10-ноябрь күнү Кара-Суу районун тургуну 43 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 5-июнунан 2022-жылдын 3-октябрга чейинки аралыкта ага тааныш болгон 1990-жылы туулган Н.Т., аттуу жаран анын ишеничине кирип Казакстан Республикасынан ар кандай товарларды алып келип беремин деп, 12 000 000 ( он эки миллион) сом акчасын алып ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар