Кара-Сууда 14 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт жаран кармалды

 Кара-Сууда 14 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт жаран кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 14 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-январь күнү кармалган жарандар Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүнөн 14 жаштагы Н. Н аттуу кызды никеге тургузуу үчүн Талдык айылына ала качкан.

Факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Н.Н аттуу жаран жараат алгандыгын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары И.уулу Б, М. уулу У., А. С., жана О. уулу А., аттуу жарандарга катара Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар