Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты сабалып, ооруканага түштү

 Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты сабалып, ооруканага түштү

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Рустам Хатамов сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы  жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 15-апрель күнү болжол менен саат 15:00дө Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында орун алган.

Хатамов жактоочусу Нилуфар Юсупжанова «Турмуш» басылмасына аталган маалыматты тастыктап, Рустам Хатамов учурда Кара-Суу райондук аймактык ооруканасында дарыланып жатканын билдирген.

«Мен Рустам Хатамовдун жактоочусумун. Окуя ушул жылдын 15-апрель күнү болгон. Рустам Хатамов бир маселени көтөрүп, айтып жактанда төрага «оозуңу жап» деп кыйкырган. Андан кийин сабаган. Азыр Хатамов ооруканада дарыланууда»,- деп билдирген Юсупжанова.

Ал эми Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Н.А. Хатамовду урбаганын, болгону экөө сөз талашып, жакалашканын белгиледи

Ош облустук ички иштер бакшармалыгын басма сөз кызматы, аталган маалымат маалыматтардын электрондук журналына «денеге зыян келтирүү» фактысы менен катталганын билдирди.

“15-апрель күнү Кара-Суу шаардык мэриясында жыйындар залында Н. А., атуу жаран денесине жараат келтиргенин айтып чара көрүп берүү үчүн Кара-Суу РИИБге арызы менен кайрылгандыгы такталган. Ошону менен бирге анын алган денесиндеги жараатынын денгээлин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалган”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча көргөн күбөлөрдү аныктап, терен суракка алынып, азыркы учурда алгачкы текшерүү сурак иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар