Кара-Суу: Сарай айыл өкмөтү 8-мартка 400 миң сомдой акча сарптады

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтү 8-мартка 400 миң сомдой акча сарптады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тендер 26-февралда жарыяланып, 2-мартта аяктаган. Сынактын шарттарында 8-мартка карата иш-чара өткөрүү үчүн азык-түлүктөрдү сатып алуу жана ресторан акы сыяктуу кызматтар көрсөтүлгөн.
Тендер 438 000 сомго жарыяланып, ага катышкан он фирманын ичинен “Скай Форт ЛТД” ЖЧКсы 383 598 сом сунуштап, жеңүүчү болгон. Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кушбак Абдрахманов төмөндөгүлөрдү билдирди.
“Айыл өкмөт боюнча 250 адам чакырылды. Энелер, ишкерлер, мугалимдер, бала бакчада, почтада, ФАПта иштегендер чакырылды. чакырылды. Бирок бодо мал сыяктуу башка союштарды сойгон жокпуз. Порталга жарыялап койгондон кийин тыюу салынбадыбы? Ага чейин жарыя кылган элек”,- деди Абдрахманов.
Юстиция министрлигинин сайтында аталган тендерди уткан “Скай Форт ЛТД” ЖЧКсынын жетекчиси катары Сапарбек кызы Мээрим катталган. Бирок мамлекеттик сатып алуулар порталында фирма жетекчиси Алиев Бексултан Таштемирович көрсотүлгөн. Ал өткөн жылы шайлоодо Кара-Суу шаардык кеңешине “Эл Үмүтү” саясий партиясынан талапкер болуп катышкан.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтарга ылайык, Кара-Суу районунун башка айыл өкмөттөрү 8-мартка 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин эле каражат сарптаган.
1-мартта Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилгенин кабарлап, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттин эсебинен кызматтык унаа алууга жана имараттарга капиталдык ремонт жасоо үчүн тендер жарыялоого убактылуу тыюу салынганын билдирген.
Мындай аракеттер Кыргызстандын президентинин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында жасалууда. Финансы министрлигине бул багыт боюнча көрүлө турган чаралардын программасын иштеп чыгуу тапшырылган. Мында бюджеттик каражатты 2022-2023-жылдарга карата эффективдүү колдонуу маселеси дагы камтылган.