Оштун Кара-Суу районундагы көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылды

 Оштун Кара-Суу районундагы көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 41 энеге “Баатыр эне”, 23 энеге “Эне даңкы” наамы ыйгарылды.

Сыйлыктарды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, район акими Турусбек Ногоев тапшырды.

“Облус башчысы менен район акими көп балалуу энелердин алган сыйлыктары менен куттуктап, бакубат жашоо каалады”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жыл сайын президенттин жарлыгы менен жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени, алты балалуу энелерге “Эне даңкы” наамы ыйгарылат.

Жанылыктар