Кара-Суу районунда унаа жардан кулап, күйүп кетти. Үч адам жабыркады

 Кара-Суу районунда унаа жардан кулап, күйүп кетти. Үч адам жабыркады

Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа жардан кулап кетип, үч адам жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя Жаңы-Арык айылында болгон. Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, унаа жардан кулап кеткен.

Окуядан  болжол менен 29 жаштардагы үч адам жабыркаган. Алар ооруканага жеткирилди.

Кырсыктын кесепетинен унаа күйүп кетти.

Жанылыктар