Кара-Кулжада электрондук урна бузулуп, бюлетендер чыгарылды

 Кара-Кулжада электрондук урна бузулуп, бюлетендер чыгарылды

Алай шайлоо округундагы  5011 (Кара-Кулжа) шайлоо тилкесиндеги электрондук урнанын бири бузулуп, бюллетендер чыгарылды.

Бул туурасында байкоочу Сыягул Караман фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Кара-Кулжа аймактык  шайлоо комиссиясынын төрайымы Бегайым  Илясова партиялардын тизмеси жазылган бюлетендин узундугунун айынан мындай мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгын  билдирди.

“Бюлетенди  толтурууда аябай көп адашуулар болуп жатат.  Шайлоочулар  партияны шайлап, кандидаттарды шайлабай же кандидаттарды шайлап, партияны белгилебей койгон учурлар көп болгонбу айтор, акылдуу эсептөөчү урна бюлетендерди  жараксыз деп таап, кара  жашигине  жөнөтө берген.  Жашик кичине  болгондуктан, ал бат эле  толуп андан ары өткөрбөй койгон. Биз бул боюнча БШКнын уруксаты  жана ошол жердеги  байкоочулардын катышуусунда акт түзүп, кара  жашиктеги бюлетендерди  тескери турган акыбалында алып,  башка урнага салдык”,- деди Илясова.

Б. Илясованын айтымында, тоолуу аймактарда эрте менен аба ырайынын өзгөрүүсү  шайлоочулардын добушканаларга келүүсүн солгундатты. Шамалдын айынан  электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап, жабдуулар генераторлордун жардамында иштеди.  Азыркы тапта жарык берүү да калыбына келтирилди.

Кара-Кулжа аймагында  добуш берүүгө элдин катышуусу саат 16:00гө караганда 23%ды  түздү.

Жанылыктар