Кара-Кулжада дайынсыз жоголгон 9 жашар баланын сөөгү табылды

 Кара-Кулжада дайынсыз жоголгон 9 жашар баланын сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда дайынсыз жоголгон 9 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта Буйга айылында 9 жаштагы Ш.М. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Баланы издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликүү тургундардан 65 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында баланын сөөгү Шиштей-Дөң тоосунун боорунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Жанылыктар