Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкери пара алып жатканда кармалды

 Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкери пара алып жатканда кармалды

Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мэриянын К.Т. аттуу кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында 2 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар