Каныбек Осмоналиев жети миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады

 Каныбек Осмоналиев жети миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады

Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев жети миллионунчу бөбөккө өзүнүн алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

1980-жылкы Олимпиада оюндарынын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылыктын үй-бүлөсү менен жолукту.

Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн алтын медалын тартуулап, келечекте чыгаан спортчу болушун тилеп, бекем ден соолук каалады.

Мындан тышкары, олимпиадалык белектер жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсүн тапшырылды.

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн. Анын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар