Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Каныбек Осмоналиев президенке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
Мекеменин мурдагы төарагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Төраганы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаевдер келип, Улуттук комиссиянын жамаатына тааныштырды.