Кан тапшыргысы келген жарандар эске ала турган жагдайлар

 Кан тапшыргысы келген жарандар эске ала турган жагдайлар

Баткендеги жабыр тарткандарга кан тапшыргысы келгендер төмөнкү талаптарды эске алыңыздар
– Жашы 18 жаштан 60 жашка чейин болуш керек
– Салмагы 60 кгдан жогору болуш керек
– Өнөкөт оорулары барлар донор боло албайт
– Гепатит оорусу менен ооругандар да донор боло албайт
– Акыркы 2 күн ичинде спирт ичимдигин ичпеген болуш керек
– Акыркы 15 күндө тишин жулдурбаган болуш керек
– 6 ай ичинде чет өлкөгө чыкпаган болуш керек
– Аял кишилер этек кири келип жатканда донор боло албайт (Айыз токтогондон кийин 7 күндөн соң кан тапшыра алат)
– Боюнда бар, бала эмизгендер донор боло албайт
– Кыргызстанга келгенине 6 ай болгон, каттоого турган чет өлкөлүк жарандар тапшыра алат
– Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ: паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк
болушу керек.
Дареги: Ош шаары, Увам көчөсү 12. Кан алуу убактысы саат 08:00дөн 16:00гө чейин.

Жанылыктар