Камчыбек Ташиев Жалгыз бой энеге турак-үй куруп берди

 Камчыбек Ташиев Жалгыз бой энеге турак-үй куруп берди

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Үлгү айылынын тургуну Гүлшайыр Ташполотованын турак жайы 2021-жылдын декабр айында куйуп  кеткен. Жалгыз бой эне ал турак жайды  он жылдап миграцияда журуп сатып алган. Турак жай толук куйуп кеткендиктен уй салууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, жардам сурап февраль айында Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Ташиев жардам колун сунууга даярдыгын билдирип, курулуш мезгили келиши менен 33 күндүн ичинде жаңы турак-үйүн куруп берди. Анда жашоо үчүн бардык керектүү шарттар камтылган.

Бүгүн жаңы турак-жайдын ачкычын Камчыбек Ташиев Гүлшайыр Ташполотовага айыл аксакалдарынын жана үй ээсинин жакындарынын катышуусунда тапшырды.

Жанылыктар