Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматына барды

 Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматына барды

Бүгүн, 23-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматын карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы, өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын акырында, Камчыбек Ташиев дагы бир жолу УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.

Жанылыктар