«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу жайында башталат

 «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу жайында башталат

Быйыл жайында «Камбар-Ата-1» долбоорунун курулушу башталат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 31-мартта маалымат жыйын учурунда кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, алгачкы курулуш иштерине 20 млн доллар каралган. Курулуш иштери июнь-июль айларында башталат.

Доскул Бекмурзаев «Камбар-Ата-1» ГЭС долбоорунун курулушуна коңшу мамлекеттер же үчүнчү жактар да катыша аларын айтты.

Бекмурзаев билдиргендей, бул долбоор Кыргызстанга гана эмес коңшу мамлекеттерге да пайдасы тиет. Май айында коңшу өлкөлөрдүн президенттери келип, канча көлөмдө инвестиция салынары сүйлөшүлөт. Эгер алар курулуш ишине кошулбаса Кыргызстан өзүнүн күчү менен да салууга чамасы жетет.

Жанылыктар