Калифорниядагы ок атуудан жети киши өлдү

 Калифорниядагы ок атуудан жети киши өлдү

23-январда АКШнын Калифорния штатынын Хаф Мун Бэй шаарындагы ок атуудан жети киши өлүп, бирөө оор жараат алды.

Кылмышка шектелген 67 жаштагы жергиликтүү тургун Чунли Чжао эки сааттан кийин кармалып, автоунаасынан тапанча табылды.

Маалыматка караганда, Чжао өзү иштеген козу карын өстүрүү фермасында жана ага жакын жайгашкан гаражда ок аткан. Азырынча анын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз. Учурда шектүү сурак берип жатат.

22-январга караган түнү Калифорния штатынын Монтерей-Парт шаарында да белгисиз бирөө ок аткан. Ал маалда көчөдө көптөгөн адамдар кытай календары боюнча Жаңы жылды майрамдап жатышкан. Полициянын маалыматына ылайык, ок атуудан 11 киши каза таап, дагы ондогону жарадар болгон. Бул кылмышка шектүү Ху Кан Тран өз жанын кыйган. Азырынча ал көчөдөгү адамдарга эмне себептен ок атканы белгисиз.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар