Кахраманмарашта Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстан тарабынан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдирди.
Маалым ылайык, буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн биринчи топ менен 67, ал эми экинчи топ менен 80 куткаруучу, 6 дарыгер, 75 боз үй жана боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондор 30 миңден, жабыркагандар 80 миңден ашты.