Кадыров жашы жете элек балдары Украинадагы согушка катышканын билдирди

 Кадыров жашы жете элек балдары Украинадагы согушка катышканын билдирди

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жашы жете элек үч баласы Украинадагы согуштук аракеттерге катышканын билдирди. 

Кадыровдун айтымында, балдары айыгышкан кармаш жүрүп жаткан аймакта болгон. 16 жаштагы Ахмат, 15 жаштагы Зелимхан жана 14 жаштагы Адам “каршылаш тараптын позициясына жакын кирип барып, ок атышып, чабуул жасаган жоокерлерди калкалашкан”. Кадыров жарыяланган видеодо атышуулар угулуп, өспүрүмдөр гранатометтон ок чыгарып жатканын көрүүгө болот. Аларга куралдардын башка түрүнөн ок атууга да мүмкүндүк берилген.

Ошол эле маалда оппозициялык чечен Телеграм-каналдары бул кадрлар тылда тартылганын далилдеген деталдарга көңүл бурушкан. Согуш жүрүп жатат делген жер буга чейин Чеченстандын маданият министри – Кадыровдун кызы Айшат баштаган делегацияны кабыл алган локация менен дал келет.

Рамзан Кадыров жашы жете элек балдары Украинада согуша турганын октябрдын башында кабарлаган. Бул оппозициялык блогерлердин аймак башчысы согушка туугандарын эмес, катардагы чечендерди жөнөтүп жатканы жөнүндөгү айыптоолоруна карата реакция болгон. Кадыров уулдарын аскерге кичинесинен эле даярдай баштаганын айткан.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар