Кадастрдын кызматкери 100 миң сом пара менен кармалды

 Кадастрдын кызматкери 100 миң сом пара менен кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Кадастр» ишканасынын кызматкеринин Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жер участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн жарандан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.Ушул жылдын 28-июлунда УКМК дарегине, жаран «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылган.Ушул жылдын 3-августунда «Кадастрдын» Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси кармалды.Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар