“Кадастрдын” Бишкек филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы кармалды

 “Кадастрдын” Бишкек филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы кармалды

УКМК тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан шаардагы калктуу конуштарынын аймагындагы бир нече жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик мекеменин айрым жетекчилери жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, социалдык-маданий маанидеги объектилерди курууга арналган жер тилкелеринин укук берүүчү жана уруксат берүүчү документтерин мыйзамсыз түрдө жасап бергендиги тууралуу далилдер табылып алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, 3-ноябрда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы “А.Т.С.” кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз иш аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар