“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды.

 “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды.

Кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 25-июлунда Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору . кармалган.“Аталган мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө текшерүү органдарына өткөрүп берүү шылтоосу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап калуу фактысы документтештирилген”, – деп билдиришти УКМКдан.Алынган далилдердин негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору С.Э.К. кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар