«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аравандагы кызматкерлери кармалды

 «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аравандагы кызматкерлери кармалды

2023-жылдын 10-январында 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Оштун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды,

УКМКдан билдиришкендей, алар «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөөгө 450 миң сом акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар