«Кадастр» ишканасынын кызматкери кармалды

 «Кадастр» ишканасынын кызматкери кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы «Т.Б.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылып алынган.

Эске салсак, бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери «Б.Б» жана «Ш.С.», Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы “И.Г.”, Нариман айыл аймагынын башчысы «Н.Х.», коррупциялык топтун мүчөсү «Н.Х.» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башсысы «А.М.Ж.» кармалышып УКМК тергөө камак жайына киргизилишкен.

Жанылыктар