Кадамжайга эвакуацияланып келген эки келин төрөдү

 Кадамжайга эвакуацияланып келген эки келин төрөдү

Баткен районунан жана Баткен шаарынан Кадамжайга 23 миңге жакын адам эвакуацияланып келген. Арасында кош бойлуу келиндер да бар.

Алардын экөө 16-сентябрда Кадамжай райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарды. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээркан Асанова “Азаттыкка” билдирди.

“Эки ымыркайдын тең абалы жакшы. Энелеринин абалы да жакшы. Эвакуацияланып келгендердин арасынан кош бойлуу келиндер жана айрым балдар медициналык жардамга муктаж болушту. Келгендердин 70-80% балдар. Аларды бала бакчаларга жана лагерге жайгаштырып жатабыз. Районубуздун эли түнкү саат 2-3кө чейин көчөдө туруп, эвакуацияланып келген элди үйлөрүнө бөлүп кетип атышты. Азык-түлүк жагынан азырынча маселе жок, баары жетиштүү”, – деди Асанова.

Жанылыктар