Кадамжайдагы жол кырсыгынан төрт жаран жаракат алып, бир аял көз жумду

 Кадамжайдагы жол кырсыгынан төрт жаран жаракат алып, бир аял көз жумду

Кечээ, 14-февралда, саат 22:34төр чамасында Кадамжай районундагы Ноогардан айылы аркылуу өткөн Ош – Баткен – Исфана жолунда жол кырсыгы болгон. Анын кесепетинен бир аял көз жумуп, төрт киши жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Каргашалуу окуяда Audi жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, 1955-жылы туулган аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандарды тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.

Жанылыктар