Кадамжайда жол кырсыгына кабылган унаадан ок атуучу курал менен баңгизат табылды

Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылган унаадан ок атуучу курал менен баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, ушул жылдын 28-август күнү Кадамжай районунун Анкур-Сай участкасында унаа кырсыгы катталган.
“Окуя болгон жерге “Деу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаа менен эки жаран келип, бул жол кырсыгына кабылган автоунаа бизге караштуу деп айтышкан. Бул жарандардын кыймыл-аракетинде шек санаткан белгилер бар болгондуктан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлдү. Натыйжада жогорудагы автоунаасынын бардочогунан “ПМ” үлгүсүндөгү тапанчасы, 16 даана огу жана болжол менен баңгизатка кирген бир даана синтетикалык зат табылды”,-деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.