Кадамжайда сууга агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кадамжайда сууга агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 15:00 чамасында кечээтен бери изделип жаткан 10 жаштагы Т.А. аттуу баланын сөөгү табылды.
«Бүгүн, таң эрте саат 07:30да кайрадан издөө улантылып, Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 7 куткаруучу жана Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнөн 18 кызматкер, жергиликтүү элден 38 жаран тартылган болчу», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 12-июлда саат 20:40та Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кереге-Таш айылында Исфайрам дарыясына 10 жаштагы Т.А. аттуу бала агып кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө ишине аймактык №75, 76 ӨКБдөн жалпы 12 куткаруучу тартылып, жергиликтүү эл менен биргеликте издешкен.