Кадамжайда сел жүрдү

 Кадамжайда сел жүрдү

Бүгүн, 18-май күнү саат 13:30дар чамасында Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кыхматынан билдиргендей, Кадамжай районунун Орозбеков көчөсүндөгү РИИБнүн имаратынын жертөлөсүнө жана Зведная көчөсүндө жайгашкан Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн огород участкасына кирген.

Тазалоо иштерине 2 бөлүмдө 6 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Жанылыктар