Кадамжайда сайдан 57 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кадамжайда сайдан 57 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“112” кызматына Көк-Талаа айылында мектептин жанындагы сайда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруучулар тартылып, 1965-жылы туулган С.К. аттуу эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.