Кадамжайда окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип үч жаран кармалды

 Кадамжайда окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип үч жаран кармалды

Кадамжайда окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Super.kg облустук милициянын басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында райондук милицияга Кадамжайдын Ноогардан айылында жайгашкан бакчада кыздын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жыйынтыгында колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган.

Каза тапкан кыз Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А аттуу тургуну экени аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун үч тургуну кармалды.

Жанылыктар