Кадамжайда милиция кызматкери параны кайтарып жатканда кармалды

 Кадамжайда милиция кызматкери параны кайтарып жатканда кармалды

Кадамжай райондук милициясынын улук ыйгарым укуктуу адамы (участковый) М.Б. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган.

Бул факты боюнча “Пара алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында М.Б. мурда пара катары алган 40 миң сомдун ичинен 22 миң сом акча каражатын арыздануучуга кайтарып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар