Кадамжайда кызын сабаганын видеого тарткан аял үй камагына чыгарылды

 Кадамжайда кызын сабаганын видеого тарткан аял үй камагына чыгарылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда кызын сабаганын видеого тарткан аял үй камагына чыгарылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, 2023-жылдын 27-январында милицияга Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги Ш.М. аттуу аялы эки жаштагы кызын урганын айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Милиция бул боюнча аталган аял кызын сабап жатканда тарткан видеону жарандык күйөөсүнө өчөшүп сабаганын жана аны тиркеме аркылуу жарандык күйөөсүнө жөнөткөнүн билдирген.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, аялдын балдары үй тибиндеги балдар үйүнө өткөрүлүп берилген болчу.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар