Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын өлүмү. Айыпталуучулардын бири өмүр бою эркинен ажыратылды

 Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын өлүмү. Айыпталуучулардын бири өмүр бою эркинен ажыратылды

Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктоо жана өлтүрүү иши боюнча соттун чечими чыкты. Бул туурасында Баткен облустук сотунан кабарлашты. 

Белгилүү болгондой, Кадамжай райондук соту Б. уулу Э. жана Г. Д. И. аттуу эки айыпталуучуга өкүм чыгарды.

Б у Э.га карата сот чечими  7-февралда чыгып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми айыпталуучу Г. Д. И.га карата соттун өкүмү кечээ, 28-февралда чыгарылды. Ага ылайык, айыпталуучунун мүлкү конфискацияланып, өмүр боюна эркинен ажыратылды.

Белгилесек, буга чейин СИЗОдо бул ишке тиешеси бар деп шектелген эки адам өз жанын кыйган.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү табылган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар