Көзү көрбөй калышы ыктымал. Чек ара жаңжалында жаракат алган аскер мамлекеттин колдоосуна муктаж

 Көзү көрбөй калышы ыктымал. Чек ара жаңжалында жаракат алган аскер мамлекеттин колдоосуна муктаж

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 24 жаштагы аскер Элдияр Төлөнов эки көзүнөн жана денесинен жаракат алган. Бүгүнкү кундө ал мамлекеттин камкордугуна муктаж.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди. Депутатка аскердин ата-энеси кайрылып, каражат жагынан жардам керектелип жатканын айтышкан.

“Элдияр Төлөнов ата-энесинин жалгыз уулу, 24 жашта. Алган жаракатынан улам дагы деле ооруканада дарыланып жатат. Ушул күнгө чейин эки көзүнө 5 жолу операция жасалды. Бирок, сол көзү көрбөй калуу коркунучу бар. Ошондуктан чет мамлекеттерде дарылантуу зарылчылыгы турат”,-деди Надира Нарматова.

Депутат муну менен президентке кайрылып, каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар